Гүлназ Чыныбек кызы жеке жашоосу тууралуу: "Бир чечимге келе албай жүрөм"

Кыргыз эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы Instagram баракчасында катталуучуларынын бири жеке жашоосу тууралуу суроо бергенде ырчы айым “Ушул темада катуу ойлонуп жүрөм. Бир чечимге келе албай жаткан кезим” деп жооп берген.

Ырчы айымдын дал ушул жообу боюнча маалымат алуу үчүн ага байланышка чыктык.

“Учурда жеке жашоом боюнча ойлонуп, бир чечимге келе албай жүргөн учурум. Мага кам көргөн инсан бар. Негизи жеке жашоомдогу көп нерсени элге ачыктап чыгара бергенди туура көрбөйм. Кечээ катталуучуларым менен суроо-жооп кылсам “качан турмушка чыгасыз?” деген суроо эң көп берилген экен. Ошентип жооп жазгам. Турмушка чыгууну дароо чече албаганымдын да себептери бар. Бул тема мен үчүн өтө олуттуу так калтырган… Кудай буйруп, бир чечимге келип, жаңылыгым болуп калса сөзсүз бөлүшөм”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан