Талас облусунда мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүккө шектелип Словакия мамлекетинин эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү (Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси "Мыйзамсыз диний топту уюштуруу") фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.
"26-мартта Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарын Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясына үгүттөшкөн. Аталган чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, өлкөдө тыюу салынбаган диний уюмдар ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан уруксат алууга тийиш.