Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Сербияда өтө турган 60 BELGRAD WINNER эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш 28-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Анваржан Ходжиев 48 килограмм;
2. Баяман Азизбек уулу 57 килограмм;
3. Аскат Култаев 63.5 килограмм;
4. Эркин Адылбек уулу 86 килограмм;
5. Бакыт Токтосун уулу 92 килограмм.
Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.