Баткенден тажик тарапка өтүп кеткен мал ээсине кайтарылды

Баткенде кароосуз калып, тажик тарапка өтүп кеткен мал ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын эки тургунунун жалпысынан 5 баш ири мүйүздүү малы кароосуз жүрүп, Ганжак участкасы менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Гулистан айылына 26-март күнү кирип кеткен.

Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБинин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 28-март күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 5 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан