Режиссёр, актёр Сапар Сайназаров экинчи ирет кыздуу болду. Бул тууралуу актёр мырза Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, учурда эне менен ымыркайдын абалы жакшы.
Эске салсак, Сапар Сайназаров 2020-жылы Диана аттуу кызга үйлөнүп, 2021-жылы тун кыздуу болушкан. Ал "Бунт", "Кайнене", "Супер келиндер", "Love is", "Кредитке келин", "Келин темир эмес" аталышындагы тасмаларга режиссёрлук кылган.