Кыргызстан Индияга 2:0 эсебинде утулду. Башкы машыктыруучу шартка нааразы болду

Кечээ, 28-мартта Индияда өткөн "Үч улут Кубогунун" алкагында футбол боюнча Кыргыз курамасы Индия менен кез келип, 0:2 эсебинде жеңилип калды.

Муну менен "Ак шумкарлар" Кубокоо катышкан үч команданын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Оюндан кийинки маегинде башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул Кубокко даярдык жакшы болбой калганын айтып, түзүлгөн шарттарга нааразы болду.

"Бул оюндарга биз ар кандай оюнчулардын чоң тобун тарттык, көпчүлүк үчүн бул биринчи эл аралык тажрыйба болду, биз аларды жыл башында текшерип, байкап көрүшүбүз керек болчу. Турнир алдында оюнчулардын чоң тобу четтетилген, турнирдин жүрүшүндө 4 адам жаракат алган, бул эки оюн үчүн абдан көп. Албетте, Улуттук курамага жаңы келгендерге ойноп өзүн көргөзүү үчүн убакыт керек жана бул көз ирмемдер жетишсиз болду. Ал эми биз Индиядагы оюндарга жакшы даярдана алган жокпуз, анткени биз даярданган шарттар, мындайча айтканда, кабыл алынгыс.

Биз өзүбүздүн ишибизге негативдүү баа берип жатабыз, анткени бир жагынан терс натыйжалар болсо, экинчи жагынан объективдүү себептер болгон", - деди Крестинин.

Ошондой эле ал күйөрмандардын сынын дагы түшүнүү менен кабыл алып жатканын баса белгиледи.

"Биз оюндарды кылдаттык менен талдап чыгабыз, буга чейин бирин анализдеп чыкканбыз, эми экинчисин талдап, ар бир жыйындан кийинкидей жыйынтык чыгарабыз.

Биздин күйөрмандардын адилеттүү сынын түшүнүү менен биз, машыктыруучулар штабы да, оюнчулар да жеңилген оюндарга негативдүү карап жатканыбызды белгилегим келет.

Кандай тобокелчиликке барып жатканыбызды билгендигибизди белгилеп кетким келет. Бул оюндарда оюнчуларды кароо жүрүп жатты. Анткени Азия Кубогуна жакындаган сайын, эксперименттерге ошончолук аз убакыт калды. Ал эми Улуттук курамага жаңы кан дайыма керек, биз оюнчуларды абдан кылдаттык менен байкайбыз, мурда мүмкүнчүлүк берилбегендерге мүмкүнчүлүк бердик", - деп кошумчалады Крестинин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан