Жалал-Абад маданият техникумуна Асира Амиракулова жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка маданият министри Алтынбек Максутов кол коюп, жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырды.
Амиракулова Асира 1978-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында туулган.
1995-2000-жылдары Бишкек Гуманитардык университети "Китепкана кызматы, маалымат берүү кызматтардын референти" адистиги боюнча билим алган.
2000-2005-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда иш жүргүзүү, библиография сабагынан мугалим;
2005-2011-жылдары КРнын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, кадрларды кайра даярдоо кафедрасынын түштүк аймагы боюнча штаттан тышкары окутуучу;
2011-2020-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда “Маалыматтык база”, “Иш жүргүзүү” сабактарынан мугалим, цикл башчы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
2020-2023-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келген.