Кантта бөтөлкөлөшүн бычактаганга шектелип үй-жайсыз адам кармалды

Кант шаарында чогуу спирт ичимдигин ичкен жаранды бычактап салганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, окуя 26-мартта болгон. Анда Кант шаарындагы Ленин көчөсүндө 1987-жылы туулган К.В. бычактан алган жаракатынан улам ооруканага түшкөн. Жабырлануучу мас абалында болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган үй-жайсыз К.Ю. аттуу жаранды кармады. Алдын ала маалымат боюнча шектүү менен жабырлануучу чогуу спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан