"Корей улутунун сулуулук мурасы" аталган актриса Ким Тхе Хи 43 жашка толду

Белгилүү түштүк кореялык актриса Ким Тхе Хи 43 жашка чыкты. Ал “Менин ханышам”, “Гарварддагы сүйүү баяны”, “Айрис”, “Бейишке барчу тепкичтер”, “Ён Паль”, “Чан Ок Чон” тасмалары аркылуу дүйнөгө таанылган. Ким Тхе Хи 1980-жылы 29-мартта Түштүк Кореянын Улсан шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Өзүн эжеси сыяктуу кино ааламына багыштаган бир тууган Ли Ван аттуу иниси бар. Үй-бүлө жакшы жашачу. Актриса төрт жашка чыкканда атасы Ю Мун өзү түзгөн жергиликтүү шаардык транспорттук компанияны жетектей баштаган. Бул Тхе Хинин балалыгына таасир эткен. Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле жаштарга жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акцияларга жана марафондорго көп катыша баштаган.

Ал Дэхён мектебине өткөнгө чейин Самсин башталгыч мектебинде окуган. Орто мектепте ал кыздар билим алган мекемеде окуган. Андан кийин, 1999-жылы борборго көчүп келген. Ал жактан Тхе Хи Сеул университетинде мода дизайнынын негиздерин окуп баштаган. Окуудан тышкары спорт менен машыккан. Тактап айтканда, университеттин лыжа спорту боюнча кыздар командасын жетектеген. Окуу жайды 2005-жылы аяктаган.

2000-жылдардын башында ал модель болуп иштей баштаган. Сеулга көчүп келгенден кийин, келечектеги актриса метродон дизайнердин көзүнө илинип, ал модель болууну сунуштады. Ошентип анын моделдик карьерасы күтүүсүздөн башталып кеткен. Жарнамаларга тартылып жүрүп, 2001-жылы “Акыркы белек” тасмасына тартылып бүткүл Кореяга таанылган. Ал эми 2003-жылы “Бейишке барчу тепкичтер” сериалына тартылып, дүйнө элине аты таанылат.

Ага улай “Гарварддагы сүйүү баяны” сериалына тартылып, “Эң популярдуу актриса” сыйлыгын жеңип алат. Тасмага тартылуу сунуштары биринин артынан бири жаап, Тхе Хи ошол жылдагы Кореядагы эң көп суроо-талап кылынган актриса аталган.

Ким Тхе Хи 2006-жылы тартылган эки тасма ийгиликсиз болуп, актриса тыныгуу алат. 2009-жылы ал “Айрис” сериалына тартылуу менен кайтып келген. Аталган сериалдын рейтинги орто деп бааланганына карабастан, актриса бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

2012-жылы сентябрда Ким Тхе Хи белгилүү ырчы жана актёр Рейн менен мамиледе экени белгилүү болгон.

Алар 2017-жылы 19-январда үйлөнүшкөн. Ортолорунда эки кызы бар. Биринчиси 2017-жылы 25-октябрда, экинчиси 2019-жылы 19-сентябрда төрөлгөн.

Корейлер Ким Тхе Хинин сулуулугу үчүн “Улуттун сулуулук мурасы” деп атап келишет.

29-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан