Бишкекте мечитте намаз окуп жаткан кишинин унаасынын ачкычын уурдаган учур видеого түшүп калган

Бишкекте мечиттен жарандын уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айында борбордогу конуштардын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран келип уурулук кылган.

"Ууру мечитке намаз окуу үчүн эмес, ал жактагы буюм-мүлктөрүн жашыруун алып, жеңил пайда көрүү максатын көздөп барган. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын тургуну уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин намаз окуп бүткөндөн кийин билген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мечиттин видеобайкоочу камераларын карап көрүү учурунда белгисиз адамдын мыйзамсыз жасаган аракеттери камерага түшүп калган. Видеодо мечитке келген башка адамдар менен бирге белгисиз адамдын жүргөнүн көрүүгө болот. Ал эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерге барып, бирөөнүн кийимин алып, бат эле сыртка чыгып кеткен", - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери аталган кылмыш ишин жасаган адамдын өздүгүн аныктоодо, шектүү жаран Алай районунун тургуну 1992-жылы туулган М.У. экени такталган. Ошондой эле ал мурда соттолгону маалым болгон. Аны кармашып, тергөөгө өткөрүп беришкен.

Учурда ал камакта экендиги жана тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

Видео: ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан