Казакстандын өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Мындай маалымат Акорданын расмий сайтына жарыяланды.

Эми жаңы өкмөт шайланганга чейин мурдагы өкмөттүн мүчөлөрү милдетин аткарышат.

Эске салсак, Алихан Смаиловдун өкмөтү январь окуясынан кийин эле түзүлүп, бир жылдан ашык иштеди.

Буга чейин саясий серепчи Газиз Абишев парламенттин биринчи жыйынында парламенттин спикери шайланып, өкмөттүн отставкасы кабыл алынарын билдирген. Андан кийин президент премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан