Сузактагы Кызыл-Туу айылынын мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды (фото)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Аталган айылдын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкени аныкталган.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу, ошондой эле кошумча документалдык далилдерди чогултуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы.нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда УКМК кызматкерлери тарабынан кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде УКМК Сузак районунун тургундарына айыл чарба багытындагы категорияга таандык жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз экенин билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан