Ошто жеңил унаа өрттөнүп кетти

Ошто жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-март күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылында жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу мааалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:04тө №102 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 15:26да толук өчүрүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан