"Терезеден ыргытып...". Жасалма паспортторду даярдоого шектүү жаран кармалды (видео)

Ош облусунда Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдаган канал аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстандын жарандарына Кыргызстандын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган, Ош облусунда туулган Х.У.О. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

"Х.У.О.нун жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын 2 паспорту табылып алынган. Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан