"12 миң долларга диплом жасап берген". Жалал-Абадда университеттин деканы кармалды

ЖАМУнун деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды.

"Ж.М.Б. аттуу жаран 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн, Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды. Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан