Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында, Бишкек-Ош унаа жолунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, баңгизат сатып жаткан жеринен А.К. жана К.И. аттуу жарандар кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылып алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 786 грамм болгон гашиш баңгизаты экени аныкталган.
Мындан тышкары, кармалгандардын бирине таандык Ниссан үлгүсүндөгү унааны тинтүү жүргүзүү учурунда дагы 48 грамм гашиш табылган. Кармалган заттын жалпы салмагы 834 граммды түзгөн.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.