Бишкекте чак түштө ата-баланы топ балдар сабап кетти (видео)

Социалдык тармактарда Бишкекте топ балдар ата менен уулун сабап кеткен видео тарады.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 17-мартта "Дордой" базарынын аймагында болгон. Анда топ балдар 1975-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды жана анын 2006-жылы туулган баласын сабап кетишкен.

"Учурда бул факты каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. Мушташка катышкандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы менен болгон окуяга юридикалык баа бериле тургандыгы кошумчаланды.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal12
2023-03-29 18:37:00
Чекеден кармап туруп бычып салыш керек мадыра баш лохторду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан