Бүгүн, 29-мартта Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Руслан Акун режиссёрлук кылган "Агай" сериалынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.
Аталган сериал №3 эксперименталдык гимназия ачып, окуучуларды жаңы методика менен окуткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун чыныгы башынан өткөргөн окуясынын негизинде тартылган.
Жабык көрсөтүүгө гимназиянын алгачкы мугалимдери, "Агай" сериалына тартылган актёр-актрисалар, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана аталган сериалдын көптөгөн күйөрмандары келишти.