"Агай" сериалынын режиссёру Руслан Акун: "Акыркы сабактагы" актёрлор бул сериалга тартылбайт деген чечим чыгаргам"

"Агай" сериалынын жабык көрсөтүүсүндө аталган сериалга режиссёрлук кылган Руслан Акун тартуу иштери боюнча SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Агай" сериалы менен дээрлик бир жылдан ашык иш алып бардык. Алгач, башка сценарий жазганбыз, бирок ал сценарий мага жакпай калды. Анан агайдай адамдарды көзү тирүүсүндө барктап, даңазалай билели деген ойдо азыркы сериалдын сценарийин жазып, тартууга кириштик.

Актёрлорду тандап жатканда, чыныгы жашоодогу каармандардын окшоштуктарын издеп табууга аракет кылдык. Бирок башкы каарман менен аябай көп кыйналдык. Себеби мен башында эле эки дүйнө эки башка болсун деген ойдо "Акыркы сабак" сериалындагы актёрлор бул сериалга тартылбайт" деген чечим чыгаргам. Бирок айла кетип, "Акыркы сабак" сериалында Кубанычтын ролун аткарган актёр Бактияр Шаршенбаеге кайтып келдик. Бактияр жаш болгондуктан, аны күндө гриммдеп, 15 жаш кошуп тарттык", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан