Издөөдө жүргөн Баткен ОИИБинин айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
"А.М.К. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бир жылдан ашык убакыт Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Ага карата 2021-жылдын 23-декабрында Биринчи май райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сырттан тандаган", - деп айтылат маалыматта.