Бүгүн, 29-мартта Кыргыз улуттук опера жана балет теартрында "Агай" сериалынын жабык көрсөтүүсүнө аталган сериалда башкы каармандын ролун жараткан актёр Бактияр Шаршенбаев дагы келди. Анда актёрдун күйөрмандары аны менен сүрөткө түшүү үчүн, кезекке туруп уруша кеткендер дагы болду. "Агай" сериалында Гапыр Мадаминовдун ролун жаратуу мага чоң жоопкерчилик болду" дейт Бактрияр Шаршенбаев.
"Агай" сериалына чакыруу аркылуу тартылып калдым. Кастингге барган жокмун, себеби Руслан байке менен буга чейин "Акыркы сабак" сериалына тартылып жатканда тааныш болуп калганбыз. Руслан байке тарткан ар бир тасма жогорку деңгээлде тартылгандыктан, бул сериал дагы ийгиликтүү болоруна ишенгем. Өзүмдүн жашымдан улуу адамдын ролун, болгондо дагы Гапыр агайдын ролун аткаруу мен үчүн чоң жоопкерчиликти жаратты", - дейт актёр.