Брэд Питт мурунку жубайлары менен жашаган хан сарайын сатты

Америкалык актёр Брэд Питт мурунку жубайлары актриса Женнифер Энистон жана Анжелина Жоли менен жашаган хан сарайын сатты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы актёр Лос-Анжелестеги хан сарайын 39 миллион долларга саткан. Хан сарайдын жаңы кожоюну анын статусу үчүн кымбат сатып алганы айтылат. Себеби имарат 1910-жылы курулган жана Брэд Питт хан сарайды 1994-жылы 1 миллион 700 миң долларга сатып алган.

Актёр мындан ары өткөн жылы жайында Кармел-Хайлендстен 40 миллион долларга сатып алган үйүндө жашай турганы белгилүү болду. Бул Колифорниянын жээгиндеги эң кымбат хан сарай экени айтылат. Голливуд жылдызынын жеке жашоосунда дагы баары туруктуу. Тагыраагы, ал жарым жылдан бери Инес Де Роман менен олуттуу мамиледе. Ал бир ай мурун сүйүктүүсүн балдары менен тааныштырган.

Андыктан актёрдун бул мамилеси тойго жетери болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан