Сирияга согушка кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун активдүү жактоочусу болгон 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн. Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кеткен, ал эл аралык террордук уюм тарабынан куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылган.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан