Кечээ, 29-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунда 43 окуучу белгисиз заттан ууланып ооруканага кайрылды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Белгилүү болгондой, алардын баарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң 18 бала ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
"Бүгүн, 30-мартта 14 бала дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Азыр ооруканада 4 бала калды", - деп билдиришти мекемеден.