Абакта отурган адам Raim менен Ерке Есмаханга көз салып жүргөнүн айтты

Казакстандын Караганда облусундагы колониялардын биринде соттолгон адам ырчы Raim менен жубайы Ерке Есмахандын сүрөтүн тартып аны өз колу менен ырчыларга тапшырууну каалаганын казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Мага Раимдин ырлары абдан жагат, бул жерде, түрмөдө деле анын чыгармачылыгына көз салып жүрөм. Раим менен Ерке Есмехандын нике кыйдырганын уккандан кийин мен алардын портретин тартып, ага почта аркылуу жөнөткүм келди”, - дейт ал.

Маалыматка ылайык, ал бала кезинен тарта сүрөт тартканды жакшы көрөт, бирок дал ушул колонияда чыгармачылыгын өнүктүрө баштаган, анткени бул жерде анын бош убактысы көбүрөөк жана мекемеде өткөрүлүүчү ар кандай сынактарга катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Раим менен Ерке Есмахандын сүрөтүн жөнөкөй карандаш менен 3 күн тарткан.

Казак маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, ал киши өлтүргөндүгү үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан