"Көңүлүн калтыра албайм". Роман Власов Акжол Махмудовду жеңүү үчүн уулуна сөз берди

Атактуу орусиялык балбан Роман Власов Алматыдагы беттеште кыргыз балбаны Акжол Махмудовду жеңүү үчүн уулуна сөз бергенин айтты.

"Бул күрөштө жеңишке жетем деп уулума сөз бердим. Мен анын көңүлүн калтыра албайм", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Власов.

Белгилей кетсек, Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов 26-апрелде Алматыда кез келет.

Мындан тышкары, ушул эле турнирде кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу орусиялык балбан Абасгаджи Магомедов менен, Жоламан Шаршенбеков Динислам Бамматов менен күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан