Чүйдүн Аламүдүн районунда автоунааларды уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү Лебединовка айылынын тургуну үйүнүн алдында токтоп турган Фольксваген-Венто автоунаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган А.А. жана 2006-жылы туулган А.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле шектүүлөр 6-мартка караган түнү Лебединовка айылынын Ленин көчөсүнөн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталды", -деп айтылат малыматта.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканы кошумчаланды.