Биз социалдык тармакта

Ошто мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияга кылмыш иши козголду

Ош шаарында архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө калаадагы Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан