Коңшу Казакстандан Кыргызстанга контрабандалык күйүчү май ташыган, кошумча бактар менен жабдылган 36 автоунаа аныкталды. Алардын ичинен 29 жеңил автоунаалар, көбүнчөсү жолтандабас автоунаалар. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 30-мартта кошумча күйүүчү май бактары орнотулган дагы 7 жүргүнчү автобустары алып келинген.
Автобустар дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган, бирок май куюучу бактарынан бензин табылган. Жалпысынан 23 тонна контрабандалык күйүүчү май аныкталган.
Азыркы учурда автобустар убактылуу токтотуучу айып кароо жайына токтотулуп, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (5500 сом) айып салынган.
Чогултулган материалдар Тергөө кызматы тарабынан журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Материалдарды Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү маселеси чечилүүдө.