“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара алышкан.
"Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө акча каражатын пара ("откат") түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды.
Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. кармалган. Алынган далилдердин негизинде А.М. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканыдыгы кошумчаланды.