Талас шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. аттуу жарандын диплому жасалма экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
"С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.