Бүгүн, 30-мартта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейи кыргыз-немис сүрөтчүсү Яков Веделдин жыгачтан жасалган экспонаттары менен толукталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган музейде Яков Веделдин жыгачтан жасалган скульптуралык беш эмгегин музейдин фондуна өткөрүп берүү боюнча иш-чара өткөн. Иш-чара Маданият министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Андан сырткары иш-чарага Яков Веделдин Германияда жашаган уулу Анатолий Ведель онлайн форматта катышып, атасынын скульптуралык эмгектерин кабыл алгандыгы үчүн музейдин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Буга чейин сүрөтчүнүн уулу атасынын эмгектерин музейдин коллекциясына өткөрүп берүүнү суранып, Германиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылган.
Яков Ведель 1931-жылы Талас районунун Ленинпол айылында туулган. Ал алты жашынан баштап жыгачтан ар кандай буюмдарды жасай баштаган. 1970-жылы Фрунзедеги сүрөт колледжинин скульптура бөлүмүн аяктап, А.Мухутдинов, С. Чокморовдон билим алган. 1973-жылдары кыргыз искусство окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1988-жылы Германияга көчүп барып, Германиянын көптөгөн шаарларында көргөзмөлөрүн уюштурган. 2014-жылы дүйнөдөн кайткан.