Кыргыз жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын Х.А.Х. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Ал эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнүн жардамы менен Кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуштук зонасына чыгууга аракет кылган.
Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны эл аралык террордук уюмга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.