Эки күндүн ичинде өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылатып айдаган 26 айдоочу кармалды

Эки күндүн ичинде өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылатып айдаган 26 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 28-марттан тартып 15-апрелге чейин өлкө аймагында "Тонировка" аталышында рейддик иш-чара жүргүзүүдө.

Максаты - автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү менен тартипке келтирүү.

Азыркы учурда эки күн аралыгында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 26 автоунаа аныкталып, бардыгы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ар бирине 20 000 сомдон айып салынды (арзандатуусу жок).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан