Кыргыз бийчилери Казакстанда өткөн эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту (фото)
Кыргыз спортчулары Казакстанда өткөн “ALMATY OPEN – 2023” бал бийи боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Маалыматка ылайык, «ALMATY OPEN - 2023» жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнир 24-марттан 26-мартка чейин Алматы шаарында болуп өттү. Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Орусия жана Азербайжандан келген спортчулар катышты.
"Бул турнирде кыргыз спортчулары көрүнүктүү жыйынтыктарды көрсөтүштү. Аталган мелдешке катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирем", - дейт Сергей Титунин.
Казакстанда өткөн "ALMATY OPEN - 2023" Эл аралык турниринде Кыргыз Республикасынын Бий спорту федерациясынын жуптарынын жыйынтыгы:
1-жуп Блинков Дмитрий жана Мамбетова Асаль жаштар латина категориясы боюнча (ачык класс) АФТС РКнын ачык чемпионаты 1-орунду ээледи (11 жуптун арасынан), жаштар жана чоңдор латина категориясы боюнча (ачык класс) Rising Stars 1-орун (13 жуп);
2-жуп Ибрагимов Хасан жана Тян Вероника жаштар жана чоңдор Стандарт категориясы боюнча (ачык класс) Rising Stars 3-орун (11 жуп), жаштар жана чоңдор Стандарт категориясы боюнча ( B класска чейин) 3-орун (14 жуп);
3-жуп Валиев Руслан жана Улаш Иремниса Жаштар жана Чоңдор жай вальс кубогу категориясы боюнча 3-орун, жаштар жана чоңдор үчүн Квик кубогу категориясы боюнча 2-орун, жаштар жана чоңдор үчүн Самба Кубогу категориясы боюнча 2-орун ( 4 жуп), жаштар жана чоңдор үчүн Ча-ча-ча Кубогу категориясы боюнча 3-орун ( 7 жуп), жаштар жана чоңдор үчүн Жайв Кубогу категориясы боюнча 3-орунду ээлешти (5 жуп);
4-жуп Гусев Андрей жана Женишбекова Мээрим жаштар жана чоңдор латина 4 бий (D класс) 1-орун ( 13 жуп).
5-жуп Бердиев Алихан жана Камалидинова Румия Юниоры2 Латина 4 бий (D класс) 3-орун (10 жуп).