Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз корутундулар берилгени аныкталды

Ошто чиновниктер курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз корутундуларды берген. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

"Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ж-Э” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан Ош шаарынын А.Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берип жиберишкендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан