Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан кызды каршы тилкеге чыга калган унаа сүзүп кетти.
Социалдык тармактарда тараган видеодо жабыркаган кыздын 14 жашта экендиги айтылат. Кырсык 30-мартта Салиев көчөсүндө болгону айтылууда.
Кыздын учурдагы абалы жана окуя кандайча жыйынтыкталганы боюнча азырынча так маалымат жок. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча расмий билдирүү тарата элек.