Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев берген арызынын негизинде жумушунан алынды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Мураталы Тагаев бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин ал Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген.