Баткенде 16 тонна контрабандалык күрүчтү ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-мартта С.С.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
"Унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык күрүч табылды. Анын болжолдуу баасы 2 миллион сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.