Индияда храмдын полу түшүп кетип, кеминде 35 киши каза болуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, храмга сыйынууга келген жарандардын саны көп болгондуктан имарат алардын санына туруштук бере алган эмес. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун жакындарына 6 миң доллар, ал эми жабырлануучуларга 600 доллар бөлүп берет.
Учурда эксперттер окуянын чоо-жайын тактоодо.