Жалал-Абадда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.З.Т., ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери А.Э.И. жана М.А. кармалышты.
"Кармалгандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке баюу максатында, кылмыштуулукка жол бергени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда аталган кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.