Бишкекте уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 28-февраль күнү борбор калаанын Кара-Жыгач жаңы конушунда үйдөн 500 миң сом, 800 доллар жана 30 миң сомдук алтын чынжыр уурдалган.
Аталган факты "уурдоо" беренеси менен каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында кылмышка шектелип 1994-жылы туулган К.И. жана 1992-жылы туулган А.С. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.