Ырчы Азалия Дүйшөналиева үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кетти. Бул тууралуу ырчы айым Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
"Жолдошум АКШнын жараны. Биз тиешелүү документтердин баарын тапшырып, көпкө күтүп, виза алдык. Буюрса, бул жакта жашап, отурукташып калабыз. Албетте, Кыргызстанга дагы барып турабыз", - дейт ал.
Эске салсак, Азалия Дүйшөналиева 2021-жылы сүйүктүүсү Данияр мырзага турмушка чыккан. Алар Түркиядан баш кошушкан. 2022-жылы 9-майда кыздуу болушкан.