Чек ара кызматы чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт койду

Чек ара кызматы өлкөдөн чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-мартта саат 11:10до «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 1995-жылы туулган А.у.А. аттуу жаранда чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда чет элдик валютадагы акча каражаттары бар экени аныкталган. Каражаттардын жалпы суммасы 55 миң долларды түздү.

Жогорудагы жаран акчасын декларацияда көрсөтпөстөн республиканын бажы мыйзамдарын кыйгап өтүү менен чет элдик валютаны алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаты кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан