Бүгүн, 31-мартта “Blackpink” тобунун мүчөсү, актриса, модель Жисунун жеке өзү аткарган чыгармасы жарык көрдү. Бул тууралуу аталган топтун YouTube каналы аркылуу маалым болду.
Маалыматка ылайык, топтун негизги солисти жана топтун жүзү аталган Жисунун күйөрмандары көп убакыт күткөн альбом “Flower” деп аталат. Аталган ырдын клиби 8 саатта 18 миллион көрүү, 500 миңге жакын комментарий топтой алган.
Эске салсак, буга чейин “Blackpink” тобунун башка мүчөлөрү тактап айтканда, Лиса, Женни жана Розе өздөрүнүн жеке альбомдорун чыгарышкан. Бул Жисунун күйөрмандарынын нааразачылыгын жаратып келген.