Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган М.Д. аттуу Кыргыз жараны (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.Д. бир нече жарандык паспорту бар экени жана өзүн УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып, жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алгандыгы аныкталды.
Алынган далилдердин негизинде шектүү тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда М.Д.тарабынан УКМКга тиешеси бар делген шылтоо менен жасалышы мүмкүн болгон кылмыштардын башка фактылары текшерилип жатат.
УКМК жарандарга эгерде аталган М.Д.нын аракетинен жапа чеккендер болсо кайрылууларын суранат.