Түркия парламенти Финляндиянын НАТОго киришин колдоду

Түркия парламенти Финляндиянын НАТОго киришин колдоду. Өтүнмөнү парламенттин депутаттары бир добуштан колдошту.

Түркия Финляндиянын Түндүк атлантикалык альянска киришине макулдук берген НАТОго мүчө 30 өлкөнүн акыркысы болуп калды. Апта башында мындай чечимди Венгриянын парламенти да кабыл алган болчу.

Маалымдалгандай, Финляндиянын бийлиги НАТОго кирүү үчүн талап кылынган бардык эрежелерди аткарган. Өлкө альянска июль айында Литвада өтө турган саммитте мүчө болуп кабыл алынат деп күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан