Баткен облусунда жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоо аракети бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, жашылча-жемиштер Тажикстанга ташылмак.
31-мартта УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан "Жаңы-Бак-Маргун-Арка" айланма унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter 3 наасы токтотулган.
Анда жалпы салмагы болжол менен 10 500 килограмм болгон пияз алынган. Жүктөрдү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Лейлек районунун тургундары: 1984-жылы туулган Т.А., 1993-жылы туулган А.Б. жана 1980-жылы туулган Б.Т. кармалышты.
Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.
Жыйынтыгында жүк ташыган унаалар "Орто-Боз" чек ара заставасынын №2022 аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.