Бишкектин айрым жерлеринде 4-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 4-апрелде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

"4-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешкен аймактагы жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, суу "Белинский" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан