Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу жети жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарында 50 жаштагы Миргүл Айткулованы өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу жети жылга абакка кесилди. Бул тууралуу маркумдун уулу Азизкан Алымбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, соттук иш 31-мартта Биринчи май райондук сотунда каралып, сот айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Социалдык тармактарда 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Кырсык Тыныстанов менен Фрунзе көчөсүндө катталган. Анда Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, жол анын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болгон.

Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин аял ооруканада көз жумган.

Буга чейин иш Свердлов райондук сотунда каралып, сот айдоочуну үй камагына чыгарган. Бул тууралуу маркум Миргүл Айткулованын балдары айтып чыгып, соттун чечими коомчулук арасында чоң резонанс жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан